Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 6
«2023-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору жөнүндө»
2023-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Дуйшебаеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 11 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2023-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Б.Дуйшебаеванын маалыматы эске алынсын.
1. 2023-жылга карата шаардык Кенештин иш планы кошумча алымчалары менен бекитилсин. /иш план тиркелет/
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кең ешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
|
С.Бабатаев |