Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 26-декабрындагы  № 04

Кусеин Исаевдин ысымын көчөгө ыйгаруу  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн  “Бостери айылынын көчөсүнө Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Социология илиминин профессору жана философия илимдеринин доктору, академик  Исаев Кусеиндин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө”  27.09.2023-ж  кайрылуу катын  жана  Бостери айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча  туруктуу комиссиясынын бүтүмүн карап чыгып,  Бостери айылдык Кеңеши токтом кылат:

       1.Бостери айылынын күн батыш тарабындагы  ЦТ “Алма Ата” эс алуу жайына кирген көчөдөн баштап “Казакстан”,“Саламат” эс алуу жайларынан борбордук автоунаа жолуна чейин чыгуучу көчөсүнө  Бостери айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Социология илиминин жана философия илимдеринин доктору, профессор-академик  “Кусеин Исаев атындагы аллеясы”  ыйгарылсын.

      2.Аллеянын  атын атоого кеткен чыгымдар Бостери айыл өкмөтүнүн  жана демилгелөөчү тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.

      3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

      4.Токтомду көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 Төрага  

 

 Талантбек уулу Азат