Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 8
“Шаардык мэриянын 13.12.2022-жылдагы “2023-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-14/2651 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 13.12.2022-жылдагы “2023-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-14/2651 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 13.12.2022-жылдагы “2023-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-14/2651 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Таш-Көмүр шаары боюнча 2023-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык жактырылсын. /тиркеме тиркелет/
3. Таш-Көмүр шаары боюнча 2023-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен тиркемеде көрсөтүлгөн пайыздык чендерге ылайык 2 862 801 (эки миллион сегиз жүз алтымыш эки мин сегиз жүз бир) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кең ешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
С.Бабатаев |
| «Бекитилди» 21.12.2022-жылдагы кезектеги 11-сессиясынын № 8 токтомунун тиркемеси |
2023-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун
тизмеси
№ | Долбоордун аталышы | Жайгашкан жери | Долбоордун жалпы суммасы | Өздүк салымы ЖБ | Дем берүүчү гранттар | Пайызы |
1 | №8 орто мектебинин “Чатырын реконструкциялоо жана айнек блокторун алмаштыруу” | Шамалды-Сай шаарчасы | 3 722 152,91 | 744 430 | 2 977 721 | 20% |
2 | “Чүйүт-Сай айылына спорттук фитнес залын куруу” | Чүйүт Сай айылы | 3 477 639 | 521 645 | 2 955 994 | 15% |
3 | №5 орто мектебинин “Айнек терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу” | Таш-Көмүр шаары | 3 596 469 | 611 400 | 2 985 069 | 17% |
4 | №5 Чабалекей бала бакчасынын “Айнек терезелерин, эшиктерин алмаштыруу” | Таш-Көмүр шаары | 3 118 840 | 467 826 | 2 651 014 | 15% |
5 | №13 Теремок бала бакчасынын “Ашканасын, ажаатканасын реконструкциялоо, тротуар жана коргонун ондоо” | Кызыл-Жар шаарчасы | 3 450 000 | 517 500 | 2 932 500 | 15% |
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кең ешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
С.Бабатаев |