Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 26-декабрындагы  № 02

 

Бостери айыл аймагынын бюджетин  2024 -жылга карата  бекитүү 

 жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  2021-жылдын 20-октябры № 123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бостери айыл аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып,

 Бостери айылдык Кеңеши токтом кылат:

        1.Бостери айыл аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча  100567,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын каражаттар боюнча   5 600,0  миң сом эсебинде бекитилсин.

      2.2024-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 

94 967,3 миң сом өлчөмдөгү долбоору жактырылсын.

      3.2025-жылга карата 115 500,0 миң  сом өлчөмүндөгү долбоору жана 2026-жылга карата 127000,0 миң сом долбоору жактырылсын.

     4.Бостери айыл аймагынын башчысы К.Сопуевге жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага жыл ичинде акча каражаттын сарпталышын бекитилген бюджет боюнча жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

      5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.   

     6.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Төрага  

 

 Талантбек уулу Азат