Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 9
«Шаардык мэриянын 19.12.2022-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун бекитүү тууралуу” №01-14/2706 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 19.12.2022-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун бекитүү тууралуу” №01-14/2706 кайрылуу каты боюнча шаардын мэри К.Бектемировдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 19.12.2022-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун бекитүү тууралуу” №01-14/2706 кайрылуу каты боюнча шаардын мэри К.Бектемировдун маалыматы эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаарынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүктүрүү программасы” бекитилсин. /программа тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кең ешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
С.Бабатаев |