Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектексиз сессиясы

 

2023-жылдын 21-декабрындагы  № 01

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери   айыл аймагынын биригүүсүнө макулдук  берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” № 350 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынынын” 4.4-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  жыйынынын 11.12.2023-ж № Пр 0/122 Протоколунун жана Бостери айылынын айыл аксакалдарынын, активдеринин, жаштарынын жана депутаттарынын 19.12.2023-жылы  болуп өткөн жыйындарынын чечимдеринин  негизинде Бостери айылдык кенеши

 Токтом кылат:

1.Ысык-Көл  облусунун аймагында жүргүзүлүп  жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын биригүүсүнө   макулдук берилсин.

2.Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын биригүүсүндө “Бостери айыл аймагы” деген аталышын калтырууну карап берүү жагын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы- аким Ж.Т.Ормоновдон суралсын.

3. Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагы  биригип жаткандыгына байланыштуу облустук маанидеги статус берүү жагын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн  суралсын.

4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин. 

            5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин депутаттарына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага  

 

 Э.Усубалиев