Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 26-декабрындагы  № 05

 

Жер тилкесин айыл өкмөттүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-жылдагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесине, КР «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык, «Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында, Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу долбоорунун алкагында» жүргүзүлүп жаткан иш аракеттердин жана Бостери айыл өкмөтүнүн 26.12.2023-жылдагы №128 катыныннегизинде, Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 06.12.2023-жылдагы № 07/5628 катынын жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу токой кызматынын 05.12.2023-жылдагы             №3-02-4/4120 катынын негизинде, Бостери айылындагы “Асыл Таш” пансионатынын түндүк тарабында жайгашкан 0.44га жер тилкесин канализация насостук станциясын куруу максатында Бостери айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2.Бостери айыл өкмөтүнүн балансына алынып жаткан жер тилкесин кабыл алуу бюонча тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага  

 

 Талантбек уулу Азат