Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 10
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин депутаты К.Сооронбаевдин 13.12.2022-жылдагы “Таш-Көмүр шаарында Ленин көчөсүндө жайгашкан сквердин багытын эс алуу багы (парк) деп өзгөртүү тууралуу” кайрылуусу жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин депутаты К.Сооронбаевдин 13.12.2022-14 жылдагы “Таш-Көмүр шаарында Ленин көчөсүндө жайгашкан сквердин багытын эс алуу багы (парк) деп өзгөртүү тууралуу” кайрылуусу жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин депутаты К.Сооронбаевдин 13.12.2022-жылдагы “Таш-Көмүр шаарында Ленин көчөсүндө жайгашкан сквердин багытын эс алуу багы (парк) деп өзгөртүү тууралуу” кайрылуусу жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык Кенештин депутаттарынын сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштарын эске алып, Таш-Көмүр шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан сквердин жана Баетов көчөсүндө жолдун он тарабында жайгашкан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн берилген жерлердин багытын эс алуу багы (парк) деп өзгөртүү тууралуу маселе боюнча мыйзам чегинде иш алып барып, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаардык депутаттар Кенешинин кийинки сессиясына аткарылган иштер жөнүндө маалыматты даярдап алып чыгуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кең ешинин төрагасынын убактылуу м.а.: |
С.Бабатаев |