Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 13-сессиясынын

 

2023-жылдын 21 июлу № 24

 

Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү байланыш, маданият, медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

 

            Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү байланыш,маданият ,медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын берген маалыматарын эске алып талкуулап айылдык кеңешти 7-шайланган 13-сессиясы токтом кылат.

     1.Кызыл-Тоо айыл аймагындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн абалын жана андан ары жакшыртуу жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын берген билдирүүсү көнүлгө алынсын.

    2.М.Ибраимов орто мектебинин  эшик алдын сырткы чөйрөсүн тазалоо жагы мектеп директору Д.Касымалиевага жүктөлсүн.

    3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Темиралиев