Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21 июлу № 28
Карчабек айылында ишке ашырылуучу "Сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу" бизнес-долбоорун айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагынын АКИАсынын аткаруу комитетинин төрагасы А. Байгазаковдун Карчабек айылында АРИСтин «Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000» Долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан "Сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу" бизнес-долбоорун Кызыл-Тоо айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына (СЭОП) киргизүү тууралуу өтүнүч каты менен таанышып, карап чыгып Кызыл-Тоо айылдык кеңешин 7-шайланган кезектеги 13 сессиясы токтом кылат: 1.Кызыл-Тоо айыл аймагынын Карчабек айылында АРИСтин «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000» Долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан "Сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу" бизнес- долбоору Кызыл-Тоо айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына (СЭОП) киргизилсин.
2.Кызыл-Тоо айыл аймагынын 2023-2025-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына "Сүт жана кымыз топтоп сатуучу ишкана куруу" бизнес- долбоорун киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн стат-экономист адисине милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Фининсы-Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |