Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 14-сессиясынын

 

2023-жылдын 28-сентябры № 29

 

Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындыгы “Кыргыз Республикасынын административтик -аймак түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда административтик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо, Доңуз-Тоо жана          Ак-Кыя айылдары Жазы айыл аймагына, ал эми Эркин-Тоо, Карчабек айылдары Салам-Алик айыл аймагына киргизүсү жактырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Темиралиев