Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 2
Таштак участкасындагы тамеки заводдун канторасын муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Таштак участкасындагы тамеки заводдун канторасын муниципалдык менчике алуу жөнүндү айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы токтом кылат:
Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
Таштак участкасындагы тамеки заводдун канторасы муниципалдык менчике алынсын.
Тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнун башкы жер адиси Б Жакыбалиевага милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды ижарага берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И Абдыразак уулу |