Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-1
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №23/25/01- 4/51сандуу катын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюча жетектөөчү адиси Д.Мастанбаева Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №23/25/01- 4/51сандуу катынын негизинде 2025-2027-жылдардын салык мезгилинде турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ченемин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп,сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин,суроо талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380 беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү Мыйзамын жетекчиликке алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын тургундарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1-топтогу мүлк салыгы 300 чарчы метрден ашкан (жеке менчик бир үйүнүн имараты 300 чарчы метрине ашканына) ар бир чарчы метрине 15 сомдон болуп салык ченеми бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адистерине турак жай имараттары жана жайлары 1-топтогу мүлк салыгы 300 чарчы метрден ашкан мүлк ээлерине ар бир чарчы метрине салык ченеми 15 сом дон болуп жана ташданыларды ташып чыгуу салыгы ар бир кожолукка 100 сом өлчөмүндө деп бекитилгени боюнча айыл тургундарына жеткирүү жана жыйналуучу салыктарды жыл ичинде өндүрүү жагы жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |