Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-2
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол жана Какыр-Пилтан айыл тургундарынын жазган арызынын негизинде спирт ичимдиктерин (арак,вино,пиво,коняк жана башкалар) сатуунун убактысын белгилөө жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы айыл тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагында спирт ичимдиктерин (арак,вино,пиво,коняк жана башкалар) убактысын 2025-жылдын 25-февралынан баштап саат 18:00дөн мыйзамсыз сатууга тыюу салынсын.
2.Спирт ичимдигине саат 18:00дөн кийин сатууга тыюу салынгандан кийин спирт ичимдиктерди жашыруун мыйзамсыз саткандарга мыйзам чегинде айып пул салынсын.
3.Кабыл алынган токтомдун көзөмөлгө алып,аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагындагы тескөөчүлөрү жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |