Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-3
Дөбө-Коргон айыл аймагында бильярд ойноочу жерлер жана чайканалардын убактысын белгилөө жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагында айыл тургундарынын сунушун угуп жана айылдык кеңештин депутаттарынын ой пикирлерин талкуулап,Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагында бильярд ойноочу жерлер иш убактысын 2025-жылдын 25-февралынан баштап саат 18:00дөн тарта токтотууну,чайканалардын иш убактысын саат 24:00дөн кийин иштөөгө тыюу салынсын.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы бильярд ойноочу жана чайканалардын иштөө убактысын белгиленгенден кийин жашыруун мыйзамсыз иштегендерге мыйзам чегинде айып пул салынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбө-Коргон айыл аймагындагы айыл тескөөчүлөрү жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |