Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-5
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айыл тургунунун Кабулов Гайратжан Мамирович жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айыл тургунун Кабулов Гайратжан Мамировичтин 2025-жылдын 25-февралындагы,өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы 17 чарчы метр жер тилкесин багытын коммерциялык пикарный цех багытына өзгөртүү боюнча жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айыл тургунун Кабулов Гайратжан Мамировичтин 2025-жылдын 25-февралындагы,өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы 17 чарчы метр жер тилкесин багытын коммерциялык пикарный цех багытына өзгөртүү жана тийиштүү документтерин даярдоо жагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография кызматынын Араван филиалына сунушталсын.
2.Кабулов Гайратжан Мамирович айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке менчик болгон турак жай багытындагы жер тилкесин тийиштүү болгон документтерин алып келсин жана көрсөтүлгөн багытта туура пайдалансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |