ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 7-декабры № 53
2024-2026-жылдарга Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн
түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 07.12.2023-жылдагы №01-17/1313 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-2026-жылдарга карата Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн тузүлүшүнүн болжолу ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т.Борбугулов |
БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы кезексиз XXII сессиясынын №53 токтомуна Тиркеме |
Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн
2024-2026-жылдарга түзулушүнүн долбоору
Кирешелердин аталышы | Кирешелердин беренеси | 2024-2026-жылдаргабюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу | ||
2024-жыл | 2025-жыл | 2026-жыл | ||
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 11111100 | 63 221,0 | 70 491,0 | 81 065,0 |
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 11121100 |
|
|
|
Милдеттүү патенттин негизинде | 11122100 |
|
|
|
Ыктыярдуу патенттин негизинде | 11122200 |
|
|
|
Патенттин негизинде салык | 11122300 | 7 020,0 | 7 020,0 | 7 020,0 |
Кыймылсыз мүлккө салык | 11311200 | 150,0 | 154,0 | 160,0 |
Транспорттук каражаттарына салык юридикалык | 11312100 | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
Транспорттук каражаттарына салык физикалык | 11132110 | 1 776,0 | 1 776,0 | 1 776,0 |
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321100 | 1000,0 | 1000,0 | 1000,0 |
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321300 | 1 850,0 | 1 900,0 | 1 950,0 |
Жалпы салыктык кирешелер |
| 75 217,0 | 82 541,0 | 93 171,0 |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 14152100 | 850,0 | 1000,0 | 1000,0 |
Атайын каражаттар аппарат,бала бакча | 1423 | 12 450,0 | 12 450,0 | 12 450,0 |
Салыктык эмес киршелер |
| 13 300,0 | 13 450,0 | 13 450,0 |
Жалпы кирешелер |
| 88 517,0 | 95 991,0 | 106 621,0 |
Төрага: | М.Т.Борбугулов |