Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-октябрындагы № 635 токтомуна) |
Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында археологиялык талаа жумуштарын уюштуруу тартибин, археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүүгө Ачык барактарды - уруксаттарды берүү жол-жобосун аныктайт, тарыхый-маданий мурастарды сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн археологиялык талаа жумуштары жөнүндө илимий отчетторго талаптарды белгилейт.
2. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары:
1) тарыхый-маданий мурас объекттери - "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулуктарды билдирген кыймылсыз (тарых, археология, шаар куруу жана архитектура эстеликтери), кыймылдуу (жалгыз жана комплекстүү) жана башка объекттер;
2) маданий катмар - адамдын жашоо-тиричилигинин издерин камтыган жана археологиялык предметтерди камтыган кыртыштын (жердин, топурактын) катмары;
3) археологиялык талаа изилдөөлөрү (жумуштары) - жер тилкелеринде же суу акваторияларынын бөлүктөрүндө археология эстеликтерин табуу максатында тарыхый-маданий мурас объектинде жүргүзүлүүчү комплекстүү деталдуу изилдөө, ал археологиялык чалгындоону, археологиялык казууларды, тарыхый-маданий мурас объекттерин табууну, изилдөөнү жана сактоону камтыйт;
4) археологиялык чалгындоо - жер тилкелеринде же суу акваторияларынын бөлүктөрүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ал масштабдуу казууларды жүргүзбөстөн, маданий катмарды шурфтар менен изилдөө жана ачылып калган жерлерди вертикалдуу тазалоо менен же ушуларсыз процессти жана натыйжаларды документтештирүү менен тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, алар тууралуу маалыматтарды тактоо, ошондой эле аларды андан ары сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу үчүн жүргүзүлөт;
5) археологиялык казуулар - тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөө жана сактоо максатында процессти жана натыйжаларды документтештирүү менен жер жана алар менен байланышкан иштер аркылуу тарыхый-маданий мурас объекттерине (же ушундай белгилери бар объекттерге) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
6) куткаруу археологиялык талаа жумуштары - маданий мурасты изилдөө үчүн археологиялык предметтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн авариялык абалда же жоголуу коркунучунда турган тарыхый-маданий мурас объекттерин казуу жана изилдөө;
7) археологиялык изилдөө (экспертиза) - жер тилкесин жана суу акваторияларын анда курулуш, чарбалык жана башка иштерди баштоонун алдында, ошондой эле жерлерди трансформациялоого чейин тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу боюнча илимий визуалдык изилдөөлөрдүн комплекси, алардын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин бузулушун жана жоголушун алдын алуу болуп саналат;
8) Ачык барак - эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында археологиялык изилдөө иштеринин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө кармоочунун укугун ырастаган энчилүү документ, уруксат;
9) аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет - берилген Ачык баракка ылайык археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүүнүн натыйжаларын билдирүүчү корутунду.
3. Археологиялык талаа изилдөөлөрүн, анын ичинде суу алдындагы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө изилдөөчүдө (археолог-адисте) ушул Тартипте белгиленген чектерде белгилүү бир түрдөгү археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү укугуна уруксат - Ачык барак болгондо гана жол берилет. Археологиялык чалгындоолорду, казууларды жүргүзүү жана отчеттук документтерди түзүү боюнча нускама эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн артыкчылыктарынын бири тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөөгө комплекстүү мамиле болуп саналат, аларды жүргүзүү үчүн табигый-илимий профилдеги адистер (антропологдор, геофизиктер, топурак таануучулар, геологдор, геоморфологдор, палеоботаниктер, палеозоологдор жана башка адистер) тартылат.
5. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнө, анын ичинде суу алдындагы изилдөөлөрдү жетектөө атайын даярдыгы бар, археологиялык чалгындоолорду, археологиялык казууларды жүргүзүүнүн, эстеликтерди алгачкы консервациялоонун жана аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет түрүндө жыйынтыктарды белгилөөнүн заманбап методдорун билген изилдөөчүлөр (адистер) тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Ачык баракты алган адис археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн аткарылышынын сапаты, археологиялык казуулардан кийин тарыхый-маданий мурас объектин консервациялоо боюнча чараларды көрүү, чогултулган материалды лабораториялык иштетүү жана илимий талдоо (камералык иштетүү), аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчетту өз убагында берүү жана анын сапаты, ошондой эле табылган маданий баалуулуктарды андан ары изилдөө жана сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемелерине өткөрүп берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Жеке да, ошондой эле юридикалык жактар да археологиялык талаа жумуштарынын заказчылары боло алат.
Археологиялык талаа жумуштарынын заказчысы археологиялык талаа жумуштарын комплекстүү уюштуруу (пландоо, иштерди жүргүзүү шарттарын түзүү, консервациялоо жана реставрациялоо иштери, камералык иштетүү, маданий баалуулуктарды мамлекеттик музей мекемесине өткөрүп берүү, илимий отчет түзүү) үчүн толук финансылык жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жетектөөнү башка адамга ишенип өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Ачык баракты кармоочу иштин максаттарына, көлөмүнө жана археологиялык талаа изилдөөлөрү жүргүзүлө турган аймактын масштабына жараша изилдөөлөрдө дисциплиналар аралык мамилени колдонуу үчүн археолог-адистерден, анын ичинде чет өлкөлүк адистерден (археологдордон) жана башка адистерден турган топту түзө алат.
Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө Ачык баракты кармоочу иштин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде алар жүргүзүлүүчү жерден кетпестен аларды түздөн түз жетектөөгө милдеттүү.
9. Талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринде бузулуулардын же болбосо жеке же юридикалык жактар тарабынан бузулууга алып келүүчү аракеттердин мурда белгиленбеген издери аныкталган учурда Ачык баракты кармоочу жана/же аймактык маданият органдары укук коргоо органдарына токтоосуз арыз берүүгө жана бул жөнүндө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ошондой эле аймагында аталган изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик администрацияга маалымдоого милдеттүү.
10. Археологиялык чалгындоолордун жүрүшүндө мурда белгисиз болгон тарыхый-маданий мурас объекти табылган учурда Ачык баракты кармоочу ал табылгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга, аймактык маданият органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ошондой эле аймагында тарыхый-маданий мурас объекти табылган жергиликтүү мамлекеттик администрацияга аны мамлекеттик эсепке алууга коюу үчүн жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
11. Археологиялык талаа изилдөөлөрү аяктагандан кийин Ачык баракты кармоочу эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга аткарылган археологиялык иштер жөнүндө илимий отчет берүүгө милдеттүү.
12. Археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө табылган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттери археологиялык талаа жумуштары аяктагандан кийин бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемелерине андан ары изилдөөгө жана сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Табылган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекти мамлекеттик музей мекемесине өткөрүлүп берилген учурга чейин заказчы жана адис (археолог) алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынат.
2-глава. Археологиялык эксперттик комиссия
13. Археологиялык эксперттик комиссия (мындан ары - АЭК) - эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн, иши акысыз негизде жүргүзүлүүчү атайын коллегиалдуу орган.
АЭКтин иши тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылууга жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган.
14. АЭК 7 мүчөдөн турат жана Кыргыз Республикасынын алдынкы археологдорунан (10 жылдан кем эмес стажы жана окумуштуулук даражасы бар), АЭКтин төрагасы болуп саналган маданий мурас чөйрөсүн тейлеген министрдин орун басарынан түзүлөт.
АЭК эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен 3 (үч) жылдык мөөнөткө бекитилет.
15. АЭКтин функциялары:
1) Ачык барактарды берүү жөнүндө арыздарды кароо жана тиркелген документтерди экспертизалоо;
2) Ачык баракты берүү жөнүндө же баш тартуунун себептерин тиешелүү негиздөө менен Ачык баракты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) жүргүзүлгөн археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча отчетторду кароо жана аларды бекитүү;
4) изилдөөчүлөр тарабынан тарыхый-маданий мурас объектинин бузулушуна алып келген талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн туура эмес ыкмаларын колдонуу, консервациялык иш-чаралардын жетишсиздиги жөнүндө, ошондой эле берилген Ачык барактар боюнча ыйгарым укуктардан аша чабуулар жана ушул Тартипти башка бузуулар жөнүндө фактыларды кароо;
5) Ачык баракты кармоочу тарабынан ушул Тартип бузулгандыгы жөнүндө юридикалык жана жеке жактардын (кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө) даттанууларын жана арыздарын кароо;
6) археологиялык изилдөөлөрдүн түрлөрүн жүргүзүү боюнча методологиялык документтерди иштеп чыгуу жана аларды эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын бекитүүсүнө киргизүү.
16. Жыйналыштар зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана оффлайн да, ошондой эле онлайн да өткөрүлүшү мүмкүн.
17. Чечим кабыл алуу үчүн АЭКтин бардык мүчөлөрүнүн катышуусу зарыл. Ачык барактарды берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер АЭКтин жыйналышында ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. АЭКтин чечимдери протокол менен таризделет.
18. АЭКтин чечиминин негизинде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси Ачык барактарды берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарат. Ачык барактарга АЭКтин төрагасы кол коет.
19. АЭК жыл сайын март-апрель айларында археологдордун отчеттук сессиясын уюштурат, анда өткөн жыл үчүн жүргүзүлгөн археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчеттор угулат. Отчеттук сессияга Ачык барактарды кармоочулардын катышуусу милдеттүү.
20. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын кызматкери АЭКтин катчысы болуп саналат, анын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Тартипте каралган Ачык баракты берүүгө арыздарды жана документтерди кабыл алуу;
2) АЭКтин мүчөлөрүнө алдыдагы жыйналыш жөнүндө маалымдоо;
3) АЭКтин кароосуна берилген материалдарды даярдоо;
4) жыйналыштарды уюштуруу;
5) жыйналыштын протоколун жүргүзүү;
6) Ачык баракты тариздөө, аны бекитүү жөнүндө буйрукту даярдоо, каттоо жүргүзүү, Ачык баракты арыз ээсине берүү;
7) АЭКтин кароосуна жүргүзүлгөн археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
8) жүргүзүлгөн археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчетторду АЭК карап чыккандан кийин аларды эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын архивине өткөрүп берүү.
Жыйналыштын катчысы АЭКтин мүчөсү болуп саналбайт.
3-глава. Ачык барактар жана аларды берүү тартиби
21. Ачык барактар конкреттүү мөөнөттү көрсөтүү менен археологиялык изилдөөнүн түрүнө жараша бир адистин (изилдөөчү археологдун) атына - Кыргыз Республикасынын жаранына берилет.
22. Ачык барактар изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша төмөнкүдөй формаларга бөлүнөт:
1) 1-форма - тарыхый-маданий мурастардын бир объектине стационардык изилдөөлөрдү жүргүзүү укугуна 6 айлык мөөнөткө (1-тиркеме);
2) 2-форма - бирден көп эмес облустун же коңшу облустардын чектеш райондорунун аймагында анча чоң эмес участокторду ачуу менен (ар бир эстеликте 20 кв.м чейин) тарыхый-маданий мурас объекттерин идентификациялоо үчүн аларга чалгындоолорду жүргүзүү укугуна, ошондой эле суу акваторияларын изилдөө укугуна 1 жылдык мөөнөткө (2-тиркеме);
3) 3-форма - өлкөнүн бүткүл аймагында же анын бир бөлүгүндө топографиялык, геофизикалык жана изилдөөнүн, документтештирүүнүн башка бузбай турган методдорун жүргүзүү менен тарыхый-маданий мурас объекттерине археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү укугуна 1 жылдык мөөнөткө (3-тиркеме);
4) 4-форма - аймакты өздөштүрүүнүн (курулуш, жол, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштер) же табигый катаклизмдердин жүрүшүндө авариялык абалда же жок болуу коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объектинде куткаруу (авариялык) казууларын жүргүзүү укугуна 6 айлык мөөнөткө (4-тиркеме);
5) 5-форма - аймакты өздөштүрүүнүн алдында (курулуш, жол, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштер) тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине карата аймактарга археологиялык изилдөө (экспертиза) жүргүзүүгө 1 жылдык мөөнөткө (5-тиркеме).
23. Ачык баракты берүүгө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) изилдөөчүнүн аты-жөнү, билими, окумуштуулук даражасы, иштеген жери, кызмат орду;
2) болжолдонгон изилдөөлөрдүн мүнөзү жана суралган Ачык барактын формасы;
3) изилдөө объекти жөнүндө маалыматтар: объекттин аталышы, анын административдик-аймактык жайгашуусу, аймактын көлөмү, анын абалынын мүнөздөмөсү, бул аймакта жана тарыхый-маданий мурас объектинде мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө маалымат (эгерде мындай изилдөөлөр жүргүзүлгөн болсо);
4) изилдөө жүргүзүүнүн пландалган мөөнөттөрү;
5) маданий баалуулуктар табылган учурда аларды андан ары сактоого бериле турган мамлекеттик музей мекемеси.
24. Арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгын негиздөө (изилдөө жүргүзүүнүн себеби, максаты жана милдеттери);
2) мурдагы Ачык барак боюнча маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемесине өткөрүп берүүнү ырастоочу документ;
3) археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана аяктоодо коргоо жана сактоо боюнча чаралардын толук комплексин жүргүзүү үчүн финансылык кепилдиктин болушу жөнүндө маалымат;
4) эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагында археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүү учурунда, финансылык кепилдиктин болушу жөнүндө маалыматтан тышкары, изилдөө жүргүзүүнүн, эл аралык стандарттарга ылайык коргоо жана сактоо боюнча чаралардын толук комплексин жүргүзүүнүн планы да тиркелет.
25. Эгерде Ачык барак өз алдынча археологиялык изилдөө иштерине биринчи жолу киришип жаткан адамдын атына суралса, анда арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) анын археологиялык изилдөөлөргө үчтөн кем эмес отчеттук документке авторлош катары мурдагы катышуусу жөнүндө маалымат;
2) бекитилген илимий-изилдөө темасы жана илимий жетекчиси жөнүндө маалымат;
3) анын археология чөйрөсүндөгү квалификациясын жана тажрыйбасын ырастаган сунуштамалар (эки жана андан көп). Мында сунуштама берген адамдар андагы маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Арыз ээси илим жана маданият жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, музейлер же жогорку окуу жайлары менен эмгек мамилелеринде болууга тийиш.
26. 1-4-формалар боюнча Ачык барак берүүгө арыз 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат жана берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
5-форма боюнча Ачык барак берүүгө арыз 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат жана берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
27. Бир адистин атына бирден ашык, бирок 1-форма боюнча экиден ашык эмес Ачык барак берилиши мүмкүн.
28. Бир тарыхый-маданий мурас объектинде изилдөө жүргүзүүгө 1, 4-форма боюнча өзүнчө Ачык барактар, эгерде изилдөө объектинин аянты 2 (эки) гектардан ашык болсо, бир нече адистерге берилиши мүмкүн. Мындай учурда чыр-чатактуу кырдаалдарды болтурбоо үчүн Ачык барактарда иштерди жүргүзүүнүн так координаттары көрсөтүлөт, алардын ортосундагы аралык 100 метрден ашык болушу керек.
29. Арыз ээсине карата квалификациялык талаптар:
1) арыз ээси археология чөйрөсүндөгү илимий жана практикалык билимге ээ болууга тийиш;
2) "тарых", "музей иши" жана "археология" адистиги боюнча жогорку кесиптик билими же "археология" адистиги боюнча жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билими (магистратура, аспирантура);
3) үч жылдан кем эмес археологиялык чалгындоо иштерин, археология объекттерин табуу же изилдөө, талаа документтерин жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзүү тажрыйбасынын болушу;
4) археологиялык талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон археологиялык изилдөөлөрдү (археологиялык чалгындоо, казуу ж.б.) жүргүзүүнүн заманбап методдорун билүү;
5) мурда жүргүзүлгөн археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчеттун болушу, анда анын ичинде эгерде арыз ээси ушундай отчеттун тең автору болсо.
30. АЭК Ачык баракты берүүгө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Ачык баракты берүү же Ачык баракты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
31. Төмөнкүлөр Ачык баракты берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн:
1) бул Тартипте белгиленген талаптарга, анын ичинде квалификациялык талаптарга ылайык келбөө;
2) берилген арызда жана/же ага тиркелген документтерде толук эмес, негизсиз же анык эмес маалыматтардын табылышы;
3) археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү максатынын Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келбеши;
4) Археологиялык чалгындоолорду, казууларды жүргүзүү жана отчеттук документтерди түзүү боюнча нускамага ылайык келбөө;
5) изилдөөлөрдүн көлөмдөрүнүн ашып кетишинин себептери боюнча мурунку отчетту кароонун натыйжалары боюнча АЭКтин терс чечиминин болушу, Ачык баракта каралбаган эстеликтерде же райондордо изилдөөлөрдү жүргүзүү, изилдөөчү тарабынан маданий баалуулуктун бузулушуна алып келген талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн туура эмес методдорунун колдонулушу;
6) арыз ээси тарабынан кесиптик этиканын ченемдеринин бузулушу жөнүндө маалыматтын болушу, атап айтканда маданий баалуулуктарды коргоо жана сактоо чаралары жөнүндө ченемдерди бузуу;
7) тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча иш-чараларды өткөрбөө.
АЭКтин Ачык баракты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими арыз ээсине мындай баш тартууну негиздөө менен жазуу жүзүндө билдирилет.
32. АЭКтин чечими менен ушул Тартипти бузган деп таанылган адамдар бир жылга талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү укугунан ажыратылат жана аны биринчи жолу алып жаткан адистер катары жаңы Ачык барак алат. Кайталап бузуу Ачык баракты 5 жылдык мөөнөткө берүүдөн баш тартууга алып келет.
33. Алынган маалыматтардын жана документтештирилген күбөлүктөрдүн (фото жана видеоматериалдар, жарыялоолор, отчеттор ж.б.) негизинде АЭК тиешелүү укукка ээ болбогон (Ачык барагы жок) адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында чалгындоо жана казуу түрүндө археологиялык иштерди жүргүзүүсүнө жол бербөө жөнүндө чечим кабыл ала алат. АЭК эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн сунуштамаларды берүүгө укуктуу. Чет өлкөлүк жарандарга карата мындай чаралар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салууга чейинки чараларды камтышы мүмкүн.
34. Эгерде кандайдыр бир себептер боюнча Ачык барак боюнча археологиялык талаа изилдөөлөрү жүргүзүлбөсө, анда ал АЭКке себебин жазуу жүзүндө негиздөө менен кайтарылууга тийиш.
35. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын Ачык баракты берүүдөн баш тартуусуна арыз ээси административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанышы мүмкүн.
4-глава. Археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчеттук илимий документтер
36. Аткарылган археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчет берилген Ачык баракка ылайык археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын көрсөткөн илимий документ жана коомдун тарыхын жана маданиятын жалпылоочу изилдөөлөр үчүн маанилүү булактардын бири болуп саналат.
37. 1-4-формалар боюнча аткарылган археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчеттор АЭК тарабынан каралат жана каттоо номерин ыйгаруу менен эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын архивине туруктуу сактоого өткөрүп берилет.
38. 5-форма боюнча археологиялык изилдөөлөрдүн (экспертизалардын) натыйжалары жөнүндө отчеттор эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын адистери тарабынан каралат жана каттоо номерин ыйгаруу менен эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын архивине туруктуу сактоого өткөрүп берилет. Отчетту кароодо мазмундук бөлүгү боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда документ АЭКтин кароосуна киргизилет.
39. Аткарылган археологиялык талаа изилдөөлөрү жөнүндө отчет титулдук барактан, кириш сөздөн, негизги бөлүктөн, корутундудан жана тиркемелерден турууга тийиш. Отчетторду түзүүгө жана тариздөөгө талаптар эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
40. Отчетто археологиялык талаа изилдөөлөрүнүн натыйжалары, табылган жана/же изилденген тарыхый-маданий мурас объекттери жана иштерди жүргүзүүнүн методу жөнүндө толук маалыматтар камтылууга тийиш. Бардык маалыматтар материалдар фото жана видео тартуулар менен ырасталууга тийиш.
41. Отчетко төмөнкүлөр тиркелет: Ачык барак, табылган маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемесине өткөрүп берүүнү ырастоочу документ, отчеттун электрондук (pdf) версиясы. Эгерде отчетту АЭКтин кароосуна киргизүү учуруна карата табылган табылгалардын үстүндө иш улантылып жатса, аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей мекемесине өткөрүп берүү мөөнөтүн, бирок бул Тартипте белгиленгенден ашпаган мөөнөттү көрсөтүү зарыл жана алар өткөрүп берилгенден кийин отчет тиешелүү документ менен толукталууга тийиш.
42. Ар бир Ачык баракка 5-формадагы Ачык барактан тышкары, өзүнчө отчет талап кылынат.
2, 3-формадагы Ачык барактарга ылайык бир нече тарыхый-маданий мурас объекттеринде чалгындоо изилдөөлөрүн жүргүзүүдө бир нече жеке отчетторду түзүүгө жол берилет, алардын ар бирине Ачык барактын көчүрмөсү тиркелет.
5-форма боюнча жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр жөнүндө отчетторго Ачык барактын көчүрмөсү тиркелет.
43. Археологиялык талаа жумуштары жүргүзүлгөн Ачык баракты кармоочуларга интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдери жайылтылат.
44. Архивге келип түшкөн учурдан тартып отчеттор таанышуу үчүн жеткиликтүү болуп саналат.
45. 1, 4-формадагы Ачык баракты кармоочу акыркы 3 жылда ошол объектте мурдагы археологиялык талаа жумуштары жөнүндө отчету болгон учурда, ошол эле тарыхый-маданий мурас объектинде кийинки эки жыл ичинде изилдөөлөрдү улантууга артыкчылыктуу укукка ээ.
Бир эле тарыхый-маданий мурас объектинде археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бир нече арыз ээси болсо, ошол объектте мурда иш жүргүзгөн адис артыкчылыктуу укукка ээ болот.
46. Тарыхый-маданий мурас объектинде жана ага жанаша жайгашкан аймакта археологиялык көзөмөл консервациялоо, реставрациялоо иштерин жана музейлештирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө 1, 4-формадагы Ачык барактарды кармоочу тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бир тарыхый-маданий мурас объектинде археологиялык көзөмөл жүргүзүүгө 2 жана андан ашык талапкер болсо, ошол объектте мурда археологиялык изилдөө жүргүзгөн адис артыкчылыктуу укукка ээ болот.
|
| Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартибине 1-тиркеме |
1-форма
№ _______ Ачык барак
Мөөнөтү _____-жылдын ___________ баштап ___________ чейин
тарыхый-маданий мурастардын бир объектине стационардык изилдөөлөрдү жүргүзүү укугуна
______________________________________________________________________________________ (эстеликтин аталышы, анын жайгашкан облусу, району)
Ушул Ачык барак берилди
______________________________________________________________________________________ (кармоочунун аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________ (окумуштуулук даражасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Бул Ачык баракты кармоочу тарыхый-маданий мурастардын аталган бир объектин ар тараптуу археологиялык изилдөөгө: казууга, схемалык сүрөттөрдү тартууга, сүрөткө тартууга, анын үстүнкү бетинен артефакттарды чогултууга, ошондой эле тахеометриялык сүрөтүн түшүрүүнү аткарууга жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, аска бетиндеги сүрөттөрдү жана жазууларды көчүрүүгө, лабораториялык анализдер үчүн сынамдарды жана үлгүлөрдү тандап алууга укуктуу. Кармоочу изилдөө процессин жана анын натыйжаларын документтештирүүнү жүргүзүүгө тийиш.
Бул Ачык баракты кармоочу изилдөөлөрдүн бүткүл мезгилинин ичинде археология эстелигинде изилдөөлөрдү жеке өзү жүргүзүүгө милдеттүү. Ушул Ачык баракты башка адамга берүүгө жол берилбейт. Бул Ачык барак боюнча изилдөөлөр аяктагандан кийин аны кармоочу тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ачык барак отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчет менен бирге эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кайтарылып берилүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ачык баракты кармоочуга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
АЭКтин төрагасы | ______________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү жазуу жүзүндө жана колу) |
|
|
| М.О. |
20____-жылдын "___" _____________ № _______ катталды.
(көрсөтүлгөн изилдөөлөр аймагында жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттик администрацияда каттоо)
|
| М.О. |
|
| Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартибине 2-тиркеме |
2-форма
№ ________ Ачык барак
Мөөнөтү _____-жылдын ___________ баштап ____________чейин
бир облустун же коңшу облустардын чектеш райондорунун аймагында анча чоң эмес участокторду ачуу менен (ар бир эстеликте 20 кв.м чейин) тарыхый-маданий мурас объекттерин идентификациялоо үчүн аларга чалгындоолорду жүргүзүү укугуна, ошондой эле суу акваторияларын изилдөө укугуна
______________________________________________________________________________________ (эстеликтин аталышы, анын жайгашкан облусу, району)
Ушул Ачык барак берилди
______________________________________________________________________________________ (кармоочунун аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________ (окумуштуулук даражасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Бул Ачык баракты кармоочу аталган аймактын чектериндеги ар бир эстеликте 20 кв.м ашпаган участокту ачуу менен археологиялык чалгындоолорду жүргүзүүгө, ошондой эле эстеликтердин үстүнкү бетинен жана аларга жакын жайгашкан аймактардан артефакттарды чогултууну жүргүзүүгө, схемалык сүрөттөрдү тартууга, сүрөткө тартууга, тахеометриялык сүрөтүн түшүрүүгө жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, аска бетиндеги сүрөттөрдү жана жазууларды көчүрүүгө, лабораториялык анализдер үчүн сынамдарды жана үлгүлөрдү тандап алууга укуктуу. Кармоочу изилдөө процессин жана анын натыйжаларын документтештирүүнү жүргүзүүгө тийиш.
Бул Ачык баракты кармоочу изилдөөлөрдүн бүткүл мезгилинин ичинде археология эстелигинде изилдөөлөрдү жеке өзү жүргүзүүгө милдеттүү. Ушул Ачык баракты башка адамга берүүгө жол берилбейт.
Бул Ачык барак боюнча изилдөөлөр аяктагандан кийин аны кармоочу тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ачык барак отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчет менен бирге эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кайтарылып берилүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ачык баракты кармоочуга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
АЭКтин төрагасы | __________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү жазуу жүзүндө жана колу) |
|
|
| М.О. |
20___-жылдын "____" ____________ № ____________ катталды.
(көрсөтүлгөн изилдөөлөр аймагында жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттик администрацияда каттоо)
|
| М.О. |
|
| Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартибине 3-тиркеме |
3-форма
Ачык барак № _________
Мөөнөтү _______-жылдын _______________ баштап _______________ чейин
өлкөнүн бүткүл аймагында же анын бир бөлүгүндө топографиялык, геофизикалык жана изилдөөнүн, документтештирүүнүн башка бузбай турган методдорун жүргүзүү менен тарыхый-маданий мурас объекттерине археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү укугуна
______________________________________________________________________________________ (эстеликтин аталышы, жайгашкан облусу, району)
Ушул Ачык барак берилди
______________________________________________________________________________________ (кармоочунун аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________ (окумуштуулук даражасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Бул Ачык барактын кармоочусу аймактарды археологиялык чалгындоо изилдөөлөрүн жүргүзүүгө укуктуу. Ал эстеликтердин үстүнкү бетинен жана ага жакын аймактарда артефакттарды чогултууга, схемалык сүрөткө тартууга, фотосүрөткө тартууга, тахеометриялык сүрөткө түшүрүүгө жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Ал процессти жана изилдөөнүн натыйжасын документтештирүүгө тийиш.
Бул Ачык баракты кармоочу изилдөөнүн бүткүл мезгилинде аймакта изилдөөлөрдү жеке өзү жүргүзүүгө милдеттүү. Ушул Ачык баракты башка адамга берүүгө жол берилбейт.
Бул Ачык барак боюнча изилдөөлөр аяктагандан кийин аны кармоочу тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ачык барак отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчет менен бирге эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кайтарып берилүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ачык баракты кармоочуга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
АЭКтин төрагасы | _______________________________________________ |
|
| (аты-жөнү жазуу жүзүндө жана колу) |
|
|
| М.О. |
20_____-жылдын "___" _____________ № ____________ катталды.
(көрсөтүлгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттик администрацияда каттоо)
|
| М.О. |
|
| Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартибине 4-тиркеме |
4-форма
Ачык барак № _________
Мөөнөтү _____-жылдын _______________ баштап _______________ чейин
аймакты өздөштүрүүнүн (курулуш, жол, мелиоративдик, чарбалык ж.б. иштер) же табигый катаклизмдердин жүрүшүндө авариялык абалда же жок болуу коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объектинде куткаруу (авариялык) казууларын жүргүзүү укугуна
______________________________________________________________________________________ (эстеликтин аталышы, жайгашкан облусу, району)
Ушул Ачык барак берилди
______________________________________________________________________________________ (кармоочунун аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________ (окумуштуулук даражасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Бул Ачык баракты кармоочу аталган бир тарыхый-маданий мурас объектин ар тараптуу археологиялык изилдөөгө: казууга, схемалык сүрөткө тартууга, фотосүрөткө тартууга, анын үстүнкү бетинен артефакттарды чогултууга, ошондой эле тахеометриялык сүрөткө түшүрүүгө жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу, аска бетиндеги сүрөттөрдү жана жазууларды көчүрүүгө, лабораториялык анализдер үчүн сынамдарды жана үлгүлөрдү тандап алууга укуктуу. Кармоочу процессти жана изилдөөнүн натыйжаларын документтештирүүгө тийиш.
Бул Ачык баракты кармоочу изилдөөнүн бүткүл мезгилинде археология эстелигинде изилдөөлөрдү жеке өзү жүргүзүүгө милдеттүү. Ушул Ачык баракты башка адамга берүүгө жол берилбейт.
Бул Ачык барак боюнча изилдөөлөр аяктагандан кийин аны кармоочу тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ачык барак отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчет менен бирге эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кайтарып берилүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ачык баракты кармоочуга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
АЭКтин төрагасы | ______________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү жазуу жүзүндө жана колу) |
|
|
| М.О. |
20____-жылдын "___" ______________ № _________ катталды.
(көрсөтүлгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттик администрацияда каттоо)
|
| М.О. |
|
| Археологиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү жана Ачык барактарды берүү тартибине 5-тиркеме |
5-форма
Ачык барак № _________
Мөөнөтү _______-жылдын ______________ баштап ______________ чейин
аймакты өздөштүрүүнүн алдында (курулуш, жол, мелиоративдик, чарбалык ж.б. иштер) тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине карата аймактарга археологиялык изилдөө (экспертиза) жүргүзүүгө
Ушул Ачык барак берилди
______________________________________________________________________________________ (кармоочунун аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________ (окумуштуулук даражасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду)
Бул Ачык барактын негизинде аны кармоочу аймакты өздөштүрүүнүн алдында (курулуш, жол, мелиоративдик, чарбалык ж.б. иштер) тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине аймактарга экспертиза жүргүзүүгө укуктуу.
1х1 метрден кем эмес жана 2х1 метрден ашпаган өлчөмдө, ошондой эле ачык калган жерлерде тазалоо аянты боюнча чектелген жерлерде жер иштерин (шурф) жүргүзүүдө өздөштүрүлгөн аймактарда топографиялык, геофизикалык жана изилдөөнүн, документтештирүүнүн башка бузбай турган методдорун жүргүзүү укугу берилет.
Бул Ачык баракты кармоочу изилдөөнүн бүткүл мезгилинде аймакта изилдөөлөрдү жеке өзү жүргүзүүгө милдеттүү. Бул Ачык баракты башка адамга берүүгө жол берилбейт.
Бул Ачык барак боюнча изилдөөлөр аяктагандан кийин аны кармоочу тарыхый-маданий мурас объектин коргоо жана сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Ачык барак отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө отчет менен бирге эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга кайтарып берилүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ачык баракты кармоочуга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
АЭКтин төрагасы | ___________________________________________________ |
|
| (аты-жөнү жазуу жүзүндө жана колу) |
|
|
| М.О. |
20_____-жылдын "____" ______________ № __________ катталды.
(көрсөтүлгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттик администрацияда каттоо)
|
| М.О. |