Редакцияот 14.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы

2023-жылдын 14-сентябрындагы № 3

Чек айылынан кыш завод куруу үчүн берилген 4,20 га жер аянтын жеке менчике сатуу үчүн макулдук берүү жөнүндө

Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын Чек айылындагы кыш завод куруу үчүн берилген 4,20 га жер аянтын жеке менчике сатуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы токтом кылат:

 

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

 

2. Чек айылына кыш завод куруу үчүн берилген 4,20 га жер аянты жеке менчике сатууга макулдук берилсин.

 

3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдлоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды ижарага берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

И Абдыразак уулу