Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 7-декабры № 55

Муниципалдык тапшырыктар үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Касымовдун 06.12.2023-жылдагы №79/1-02-7 кайрылуу каты “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:

 

1.  Жогоруда туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

 

2.  Жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык тапшырыктарга 2215 статья менен 690,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

 

3.  Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузаковага) милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т.Борбугулов