Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-сентябры № 622
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер мунапысынын маселелерин чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 66-пункттун 1-таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Бишкек шаарынын "Үмүт" турак жай конушунда жайгашкан жер участокторуна жер мунапысынын алкагында менчик укугун берүү маселелерин кароодо канализациялык тазалоочу курулмалардын түштүк тарабынан СКЗнын өлчөмү тазалоочу курулмалардын өндүрүмдүүлүгүнө карабастан 250 метрден кем эмес өлчөмдө белгиленет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 22-тиркемесинде:
- 191-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өзүм билемдик менен көрүстөндөргө жакын курулган жеке турак үйлөргө карата санитардык-коргоо зонасы 10 метрден кем эмес өлчөмдө белгиленет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |