Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)

2025-жылдын 23-сентябры № 4

 Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) жөнүндө маалыматтарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

                                                   

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) жөнүндө маалыматтар канааттандырарлык деп табылсын. (Маалыматтар тиркелет)

 

  1. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына караштуу “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жана Раззаков элге кызмат муниципалдык ишканаларынын башчыларына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

C.А. Саматов