Редакцияот 23.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)

2025-жылдын 23-сентябры № 5

 Раззаков шаарынын аймагын  2025-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагын  2025-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  программасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

                                                   

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1.  Раззаков шаарынын аймагын 2025-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  программасына тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (Тиркеме тиркелет)

 

  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

C.А. Саматов