РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)
2025-жылдын 23-сентябры № 7
Раззаков шаарынын аймагында көмүр кенин казууда чалгындоо жана өздөштүрүү иштерин жүргүзүүдө жер тилкелеринин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагында көмүр кенин казууда чалгындоо жана өздөштүрүү иштерин жүргүзүүдө жер тилкелеринин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Раззаков шаарынын аймагында көмүр кенин казууда чалгындоо жана өздөштүрүү иштерин жүргүзүүдө 1,0га жер тилкеси үчүн бир жылдык ижара акысы 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | C.А. Саматов |