Редакцияот 25.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 25-апрели № 199-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын номиналдык наркы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

- "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренесине ылайык "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун аткаруу органынын ыйгарым укуктарын "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров