Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 11-октябры ПТ № 199
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Айтбаев Урмат Шакиралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Раматов Мурат Садинович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Сатывалдиев Асылбек Владимирович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бопонов Молдоали Муканбетович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Зулпуев Эмир Абдиманнапович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун эксперти; |
Сапарбеков Руслан Жайлообекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн эксперти; |
Аширходжаев Эркебек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Сыдыков Орозбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Усенова Назгуль Жоробековна | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы; |
Молдомырзаев Максатбек Орумбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Жусупова Назгуль Кеңешбековна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы; |
Калматов Толкунбек Раимжанович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джумагазиев Канат Сагынович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Жетигенов Бакыт Женишбекович | - | Ош шаарынын мэри; |
Адиев Капар Абдужалалович | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары.". |