ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин (cегизинчи чакырылышынын) кезектеги IX- сессиясы
2025-жылы 17-сентябры № 52
Айыл чарба багытындагы жерди трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө 2025-жылдын 4-июнундагы №150 Мыйзамынын, 2025-жылдын 4-июнундагы №149 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 17-сентябрындагы №01-13/3969 сандуу сандуу маалыматына, көрсөтүлгөндөй жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 15-сентябрындагы №34 сандуу билдирүүсүнүн угуп, жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IXсессиясы токтом кылат:
- №323-контурунун чегиндеги 0,30 га жайыт жер участогу “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” түрүнө трансформациялоого макулдук берилсин.
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы 0,20 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Төрагасы: | Н.Артыков |