Редакцияот 14.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы

2023-жылдын 14-сентябрындагы № 9

2024-жылга областык өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө

Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси

Т. Эгембердиевдин 2024-жылга областык өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын 20 – сессиясы токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Момбеков айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык программасынын негизинде 2024-жылга областык өнүктүрүү фондуна төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:

- Бостон айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу.

- Таштак айылына тигүү цехин куруу.

- Суугат суу берүү үчүн скважиналарды куруу.

- Таштанды ташуучу авто унаасын алуу.

- Экскаватор-бульдозер тракторун алуу.

 

3. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна долбоорлорду даярдап, тапшыруу жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э. бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

И Абдыразак уулу