Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 8
2024-жылга райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси
Т. Эгембердиевдин 2024-жылга райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын 20 – сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси
Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык программасынын негизинде 2024-жылга райондук өнүктүрүү фондуна төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:
- Жаңы-Кыштак айылына 75 орундуу балдар бакчасын куруу.
- Жазгак айылындагы Жазгак атындагы № 34 орто мектебиндеги мектеп имаратынын чатырын, эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу.
3. Момбеков спорт залдын имаратын капиталдык ремонттоо жана кичи футбол аянтчасынын чатырлап жабуу.
- Таштанды ташуучу авто унаасын алуу.
- Жазгак айылындагы Тургунбаев жана Курулуш айылындагы Тажикул Балбан көчөлөрүндөгү жолду асфальттоо жана тратуар орнотуу.
3. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду даярдап, тапшыруу жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э. бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И Абдыразак уулу |