Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 9-октябры № 207
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жогорку сот Жогорку соттун төрагасынан, төраганын 3 орун басарынан жана судьяларынан турат.";
б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун судьяларынын штаттык саны Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.";
2) 32-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жергиликтүү сотторду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президент тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Биринчи инстанциядагы соттун курамы
Биринчи инстанциядагы сот соттун төрагасынан жана судьялардан (судьядан) турат.";
4) 38-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Экинчи инстанциядагы сот төрагадан, төраганын орун басарларынан, судьялардан турат.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-октябрындагы № 188 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1287-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1194-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-январындагы № 21 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 21-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 28-апрели, № 34);
5) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 4-июнундагы № 59 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 9-июну, № 44);
6) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-майындагы № 97 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 7-июлу, № 54).
3. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы менен макулдашуу боюнча ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын сотторунун түзүмү жана соттордун судьяларынын штаттык саны жөнүндө сунуш киргизсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |