Редакцияот 11.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылыштагы кезексиз VIII- сессиясы

 

  2025-жылдын  11-апрелиндеги №8/1

 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин

бекитип берүү жөнүндө»

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 10.04.2025 жылдын № 1-06/994 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 11 апрель 2025 жылдагы № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесине 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин 1,0 өлчөмдө бекитилип берилсин.

2.      Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

3.      Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы

 

              Б.М.Исмаилов