Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз 22 – сессиясы

2023-жылдын 5-октябрындагы № 5

Курулуш айылына мечит куруу жөнүндө

Момбеков айылдык кеңеши Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVII -чакырылышынын 22-сессиясы токтом кылат:

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

 

2. Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзакасымов Садирбектин Курулуш айылына кушкана куруу үчң берилген 0,12 га жер аянты кайтарымсыз келишимдин негизинде өз каалоосу менен айыл өкмөтүнө өткөрүп берилгендигин эске алып, жогорудагы жер аянтынын багыты өзгөртүлүп мечит курууга макулдук берилсин.

 

3. Жогорудагы жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага милдеттендирилсигн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин муниципалдык менчиктеги жер аянттарын жана имараттарын сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

И Абдыразак уулу