Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-1

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын аткарылышы жана кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Кирешеге жана пайдага салык” салыгынан эсептөөлөрдүн негизинде пландан ашыкча түшүүчү 3534,0 миң сом, патент салыгынан 124,5 миң сом, лицензиядан түшкөн пайда салыгынан 311,5 миң сом, муниципиалдык менчиктин ижара акысынан 630,0 миң сом акча каражатын жана Кыргыз Республикасынын айрым Ченемдик Укуктук Актыларына, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине киргизилген өзгөртүүлөрүнө ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгын төлөөгө мараторий киргизилгенине байланыштуу, Республикалык бюджеттен келген 455,0 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6-айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчетун канааттандыраарлык деп табылсын.

2. “Кирешеге жана пайдага салык” салыгынан 3534,0 миң сомго, лицензиядан түшкөн пайдадан салыгынан 311,3 миң сомго, тамарка салыгынан 124,5 миң сомго, муниципиалдык менчиктин аренда акысынан 630,0 миң сомго план көбөйтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актысынын салык Кодексине киргизилген өзгөртүүлөрүнө ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгына төлөөгө мораторий киргизилгенине байланыштуу Республикалык бюджеттен келген 455,0 миң сом акча каражатынын эсебинен Билим берүү бөлүмүнө төмөндөгүчө бөлүнсүн:

- Мектептердин учурда оңдоо иштерине 155,0 миң сом, мектептерге өрт өчүрүүчү жабдууларды алуу үчүн 90,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

- Икрам Ажы спорт мектебинин учурда оңдоо иштерине 50,0 миң сом берилсин.

- Мектептерге жана бала бакчаларга көмүр, отун алуу учун 160,0 миң сом бөлүнсүн.

4. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча киреше эсебинен зарыл болгон чыгымдар учун 4600,0 миң сом төмөндөгү чыгымдар учун сарпталсын:

- Долбоорлор менен курулуп жаткан соц.обьектилердин документ иштерин бүтүрүү үчүн ЖКХ бөлүмүнүн “Турдүү чыгымдар” беренесинен 500,0 миң сом, жол оңдоого 100,0 миң сом, айыл өкмөт аймагына яма беккери куруу үчүн 400,0 миң сом, айылдагы таштандыларды чыгаруу үчүн таштанды ташуучу унаа алууга айыл өкмөттүн салымына 1800,0 миң сом бөлүнсүн.

- Маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштерине 270,0 миң сом бөлүнүп берилсин;

- Ак-Булак айылына Осмонов мектебинин ашканасын ремонттоо үчүн айыл өкмөт тарабынан 200,0 миң сом бөлүнсүн;

- Аппарат бөлүмүнө ”Чарба товарларын алуу” беренесинен 60,0 миң сом, компьютер, кондиционер алуу үчүн 70,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

- Айыл өкмөттүн имаратына кеңешме жыйын залын салуу учун 1200,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

 

5. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.

 

6. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Респуликасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

 

7. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т. Джороев