КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 18-августундагы № 15-2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана саламаттыкты сактоо тармагында зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Ажар Дарикат Адатовна-“аутизм” дарты менен ооруган балдар менен иштеген адис;
· Сейитова Райхан Айтмаматовна-К. Төрөмаматов атындагы орто мектебинин мугалими, Талаа-Булак айылынын тургуну;
· Турдуева Замира Сарытаевна-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин мугалими, Кызыл-Сенир айылынын тургуну;
· Шайыков Калбай Камалович-Соку-Таш, Шатрак айылдарынын имамы;
· Капаров Кунназар Примкулович-билим берүү тармагынын ардагери, Таштак айылынын тургуну;
· Жолдошев Муртазали Эрмаматович-Кызыл-Сенир айылынын тургуну, Жалал-Абад областык гидрометеорология борборунун техник-метеорологу;
· Раимкулова Уруят Азимкуловна-Э. Арапбаев атындагы орто мектебинин мугалими, Мундуз айылынын тургуну;
· Кошалиев Ысмайыл Амиракулович-Алмалуу айылынын тургуну, айыл активисти;
· Камбаралиева Гулзия Бегалыевна-Таштак айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |