Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-августундагы № 15-6
“Жаны-Ачы айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Жаны-Ачы айылынын канал жээгиндеги Абжапаров Маткасым атындагы көчөсүнүн жарымынан МХО участкасына чейинки аралыкка билим берүүнүн ардагери Байымбетов Жоробайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Ачы айылынын канал жээгиндеги Абжапаров Маткасым атындагы көчөнүн жарымынан баштап МХО участкасына чейин аралыкка Байымбетов Жоробайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчөнүн жарымы Байымбетов Жоробай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |