КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 18-августундагы № 15-7
“Кызыл-Сенир айылы менен Ак-Баш айылын бириктирип туруучу жолго ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кызыл-Сенир айылы менен Ак-Баш айылын бириктирүүчү жолго эмгек ардагери Бедияров Абдулланын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылы менен Ак-Баш айылын бириктирип туруучу жолго Бедияров Абдулланын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген жол Бедияров Абдулла атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |