Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-8

“Мундуз айылындагы борбордук мечиттин жайгашкан аймагына медресе куруу” жөнүндө

Мундуз айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мундуз айылындагы борбордук мечиттин жайгашкан аймагынын 291,2 м2 жер аянтына медресе курууга макулдук берилсин.

 

2. Курулуп жаткан медресеге Тиллебаев Кыргызбай Ажы ысымы ыйгарылсын.

 

3. Мыйзам негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Т. Джороев