КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 55
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен кондиционер алуу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн курулуш жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Жумабай уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл өкмөтүнүн кеңсесинин иш бөлмөлөрүнө 12 (он эки) даана кондиционер орнотуп берүүгө жана кызмат акысына жалпы суммасы 300000 сом (үч жүз миң сом) акча кражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин экинчи жарым жылдыгынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |