Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-10

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 17-майындагы №01-8/15 жана 2023-жылдын 19-майындагы №01-8/20 токтомдорунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылындагы №298 контурундагы 0,34 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т. Джороев