КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 18-августундагы № 15-11
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2023-жылдын 18-августундагы отурумунун протоколун негиздеп, Кыргыз республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кенештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынынын сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Мусулманкул ажы атындагы мечит ээлеген 0,10 га жана медресе куруу үчүн ажыратылган 1864 м2 айыл конушундагы жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адстерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |