КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 59
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кулунду айыл аймагындагы көчөлөрдү асфальттоо жана жөө жүргүнчүлөржол курууга, арыктарды бетондоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн курулуш жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Жумабай уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл өкмөтүнүн Ж. Бөкөнбаев көчөсүндөгү болжол менен 400 метр аралыктагы арыктарды бетондоо жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол куруу үчун жалпы суммасы 280 000 (эки жүз сексен миң) сом;
- Кулунду айыл аймагына караштуу Кулунду айылынын чыгыш тарабындагы тик көчөнү асфальттоо;
- Кулунду айыл өкмөтүнө жарандардан келип түшкөн арыздарда көрсөтүлгөн көчөлөргө жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол куруу, арыктарды бетондоо жана асфальттоо;
- Ак-Арык айылынын батыш тарабында узундугу 950 метр Т. Урманов тик көчөсүн асфальттоо;
- Жогоруда аты аталган көчөлөр жана арыздарда көрсөтүлгөн көчөлөр 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгында кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен же үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен каралып, беренеден беренеге жылдырылып берилсин.
- 2025-жылы аткарылбай калган учурда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын иш планына киргизилип, аткарылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |