КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 60
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Музейдин жылытуу ситсемасы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн курулуш жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Жумабай уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 9-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагындагы Музейдин жылытуу системасын куруу үчүн жалпы суммасы 1043391сом кошумча салыктан түшкөн же үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен беренеден беренеге жылдырылып, бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |