Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 01-августу № 61

 

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Раззаков жана Максат айылдарына жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн жерин проегин иштеп чыгуу планына акча каражатын ажыратуу жөнүндө”

            Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси И. Алимбаевдин маалыматын  жана Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Д. Абдиллаевдин баяндамасын угуп, Кулунду айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 26-июнундагы №254-02/2025 жана №255-02/2025 келишимин карап,  Кулунду айылдык кеңешинин 8-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 8-пункттунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы №376 контрудагы 11,19 га жерине 752488 (жети жүз элүү эки миң төрт жүз сексен сегиз) сом жана Максат айылындагы №6, №1, №4 контурундагы жалпы аянты 44,05 га жерин трансформациялоого 1 451 878 (бир миллион төрт жүз элүү бир миң сегиз жүз жетимиш сегиз) сом, жалпы суммасы 2 204 366 (эки миллион эки жүз төрт миң үч жүз алтымыш алты) сом акча каражаты 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин  Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А.Досов