КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 62
“Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги базарды жылдыруу жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын жана Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 9-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №9-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 1-пункттунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айылынын борборундагы ар жекшемби күнү болуучу жайма базарды Кулунду айылынын түндүк тарабындагы 8-03-07-1001-2190 кодундагы Ниязматов көчөсү №54/1 участкадагы 1,10 га жерге жылдырууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |