КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 64
“Кулунду айыл аймагындагы жер астынан кен байлык чыккан жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө”
Жер Кодексинин 18-21-29-беренелерине ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын жана Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин 9-сессиясы күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №9-протоколунун чечиминин 3-бөлүмүнүн 1-пункттунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагынын жер астынан кен байлык (көмүр, аккум, топурак, шагал таш) чыккан жерлеринин лицензиясында көрсөтүлгөн 1,0 га жер үчүн (жер көлөмүнө жараша, Лицензияда көрсөтүлгөн убакка жана жердин аянтына ылайык) 5000 сомдон 12000 сомго чейин ижара акысы бекитилип берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |