Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 01-августу № 65

 

“Кулунду айыл аймагына караштуу Интернационал айылындагы Аллеяны жашылдандыруу жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын жана Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун  баяндамасын угуп,Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги   IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги №29/5 токтому жокко чыгарылсын.
  2.  Интернационал айылындагы Аллеяны жашылдандырып, боз үй жана калпак калыбына келтирилип, көрктөндүрүп иштетүү жагы 2025-жыл ичинде Интернационал айлындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрүнө тапшырылсын.
  3. Жеке жоопкерчилигин алуу жагы Интернационал айылындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөсү А. Мукарамовага жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.А.Досов