КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 66
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 4-бөлүмүнүн 3,4,5,6,7,8-пункттарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айылындагы Калкты тейлөө борборунан почта кызматкерине бир иш бөлмө ачууга 50000 сом 22211200 беренесине жылдырылсын.
- Айыл башчыларга 7 жел маян сатып алууга ар бири 170 000 (жүз жетимиш миң) сомдон жалпы суммасы 1 190 000 (бир миллион бир жүз токсон миң) сом акча каражаты (31121990 берене) башка транспорттордун каражатын сатып алууга макулдук берилсин.
- Раззаков айылында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү мектеп окуучуларын мектепке ташуу үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин 22141100 беренесинен керектелүүчү суммадагы күйүүчү май алып берүүгө макулдук берилсин.
- Кулунду айылындагы “Бурул Эне” балдар бакчасынын балдар аянтчасын оңдоп түзөөгө100 000 мин (жүз миң) сом жана Максат айылындагы “Максат” балдар бакчасына кошумча кампа, отункана курулушуна уста акыга 200 000 (эки жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен 22211200 беренесине жылдырылып берилсин.
- Мерседес Бенц үлгүсүндөгү 2 спринтерди оңдоп түзөөгө 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты 22141200 беренесинен бөлүнүп берилсин.
- Абдумалик уулу Медетбек атындагы көчөсүнө стенд орнотууга 60000 (алтымыш миң) сом кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен же үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен беренеден беренеге жылдырып берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |