Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 01-августу № 67

 

 

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Майты участкасындагы бакка акча каражатын ажыратуу жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги   IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 4-бөлүмүнүн 9-пункттунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майты участкасындагы 100 га жердеги бакты суугаруу үчун сугат сууга 80000 (сексен миң) сом,  жарыктандырууга  50000 (элүү миң) сом жана суу насосун учурдагы оңдоп түзөө иштерине 200 000 миң (эки жүз миң) сом,  жалпы суммасы 330 000 (үч жүз отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинин беренелеринин бири-бирине жылдырууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

А.А.Досов