Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 01-августу № 68

 

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасына субсидия катары акча каражатын бекитүү жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги   IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 4-бөлүмүнүн 10-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасына субсидия катары 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты 22152100 беренесинен 25151100 беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

А.А.Досов