Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-августундагы № 15-18
“Жергиликтүу бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орто-Сай участкасында курулуп жаткан социалдык шаарчага долбоордун алкагында электро линияларын тартууга 11% төлөмгө жергиликтүү бюджеттен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Калган керектелүүчү 410 400 (төрт жүз он миң төрт жүз) сом акча каражаты Жалал-Абад областык өнүктурүү фондунан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |